Бишкекте Улуттук госпиталдын көздүн микрохирургиясы бөлүмүнүн башчысы пара менен кармалганын “24.kg” жеке булактарына таянып жазып чыкты.
Болжолдуу маалыматтарга караганда, бөлүм башчы Салтанат Иманбаева аттуу дарыгер операция үчүн акча сураган. Ал 30 миң сом алып жатканда кармалып, кайра үй камагына чыгарылган.