Бишкекте Аскер прокуратурасынын кызматкерлери УКМКнын кызматкерин пара алып жатканда кармашты. Бул тууралуу “24. кg” МА жеке булактарына таянып жазып чыкты.
Анда УКМКнын кызматкери 350 сом пара талап кылганы айтылат. Ал сумманын 50 миңин алып жатканда кармалган.
Атайын операция Аскер прокуратурасы жана УКМКнын жеке коопсуздук кызматы менен биргеликте ишке ашырылган. Кармалган кызматкер убактылуу кармоочу жайга киргизилди.