277ден ашуун баланын ата-энеси сырткы миграциянын агымына кошулушкан. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин иликтөөсүнөн белгилүү болду.
Балдар фондунун маалыматына караганда, акыркы төрт жылда ата-энеден алыс жашаган балдардын саны 16 пайызга көбөйгөн. 2014-жылы 239, 1 миң болсо, 2018-жылы бул көрсөткүч 277, 5 миңге жеткен.
12 пайыз балдардын ата-энелеринин бирөөсү чет өлкөдө иштейт. Ош жана Жалал-Абад облустарында бул көрсөткүч салыштырмалуу жогору, андан кийинки орун Баткен облусунда. 4 пайыз балдардын атасы да, апасы да чет өлкөдө иштеп жүрүшөт.
9 пайыз балдар биологиялык ата-энесинин бирөөсү менен да жашабайт. Жалал-Абад облусунда бул көрсөткүч 14 пайызга жетет.