Кыргызстандын Жогорку соту Раимбек Матраимовдун мыйзамсыз кызматтан алынышы жана кызматына кайра дайындалуусу боюнча кассациялык арызын карады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

 

Маалым болгондой, Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын чечими бул иш боюнча мурда чыккан соттук актыларды күчүнө калтырууга бекемделди.

 

Сот актыларын күчүндө калтыруу менен Жогорку сот соттордун Раимбек Матраимовду иштен кетирүүдө өкмөт тарабынан мыйзамдуулук тартиби сакталбаганы боюнча жыйынтыгына макул болушту.   Ошондой эле ал ооруп, жумушка чыкпай жүргөн кезде кызматтан алынган.

 

Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Раимбек Матраимов өкмөттүн үстүнөн арыз жазып сотко кайрылган.