Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болууну каалагандардын саны 95ке жетти. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Талапкерлердин катарында – Улуу Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд-Смит, президенттик аппараттын экономика жана каржы бөлүмүнүн экс-башчысы Нурсулу Ахметова, базарлар Ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Наталья Кулматова бар. Соода-өндүрүш палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиев, “ЖИА” жаш ишкерлердин Ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажикулов, Кааржы министрлигинин мурдагы статс-катчысы Зуура Баяманова дагы бизнес-акыйкатчы болууну каалашууда.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, каалаган жаран, чет өлкөнүн атуулу дагы бизнес-акыйкатчы боло алат. Ал беш жылга дайындалат жана бир адам эки мөөнөткө шайлана албайт.