Мурмансктын укук коргоо кызматынын кызматкерлери Кыргызстандын жаранын жасалма документ менен кармашты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 42 жаштагы киши мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Кармалган учурда ал көрсөткөн документ полиция кызматкерлеринин шектенүүсүн жараткан. Анын өздүгүн бармак изи боюнча аныкташкан.
Ал полицияга Мурманскта таксист болуп иштээрин айткан. Текшере келгенде, анын айдоочулук күбөлүгү да жасалма болуп чыккан, Москвадан алганы аныкталган.
Жаран учурда абакка кармалды. Россиянын мыйзамы боюнча алты айга чейин кесилиши мүмкүн.