Иманкадыр Рысалиев “Ачык өкмөт” Улутук форумунун катчылыгынын башчылыгынан кетүүгө арыз жазганын журналисттерге билдирди.
Эске салсак, премьер-министр Абылгазиев Рысалиев өз каалоосу менен ээлеген кызматынан кетүү керектигин билдирген. Ошондой эле ал ЕККУнун программалык офисинин жетекчилигине кайрылып, чуулгандуу “серый кординалды” кызматынан четтетүүнү белгилеген.
Депутат Жанар Акаев “КТ Мобайл” компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссияга ЕККУга Рысалиевди аталган катчылыктын башчылыгынан алуу боюнча кайрылуу жолдоону сунуштаган.
Иманкадыр Рысалиев арызын өкмөткө жана ЕККУга жолдогонун айтты.
“КТ Мобайл” компаниясы тууралуу ызы-чуулу документ элге жарыялангандан кийин ал компаниянын жетекчисинин орун басары Иманкадыр Рысалиевдин уулу, ал эми Рысалиев премьер-министрдин бажасы болоору ачыкталган. Эрназар Иманкадыр уулу ишке кире элек компанияны жетектеген кызматкер катары бюджеттен ири суммадагы айлык алган.
Учурда компаниянын ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Эрназар Иманкадыр уулу жана компаниянын башка жетекчилери кызматтан өз арыздары менен кетишти.
“Мегаком” компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов Иманкадыр Рысалиевдин коркутуусуна дуушар болгонун депутаттык комиссиянын жыйынында айтып чыкты. Парламенттин трибунасынан айтылган ар бир билдирүү укук коргоо кызматтарына расмий кайрылуу катары кабыл алынгандыктан, ИИМ ал боюнча териштирүү баштады. Рысалиевдин коркутуу кыйытылган билдирүүсү интернет тармагына жайылды.