Бул мындай документти кабыл алган Азиядагы биринчи өлкө. Мыйзам долбоору 24-майдан тарта күчүнө кирет.

 

Тайвань Конституциялык соту 2017-жылы майда өлкөдө бир жыныстуу никеге тыюу салууну мыйзамсыз деп таанып, бийликке эки жыл ичинде мыйзамдарды өзгөртүүнү тапшырган.

 

"2019-жылы 17-майда Тайванда сүйүү жеңди. Биз тең укуктуулук багытында чоң кадам таштадык жана Тайванды эң мыкты өлкө кыла алдык", –деди өлкө президенти Цай Инвэнь.

 

2018-жылы Индиянын Жогорку соту бир жыныстуу катнаш үчүн кылмыш жоопкерчилигин жокко чыгарган. Бул мыйзам колониялык мезгилден бери өкүм сүрүп келген. Индияда гомосексуалдык секс үчүн он жылга чейин түрмөгө камоо каралган.