Депутат Жанар Акаев депутаттык комиссия ЕККУга кайрылып, «Ачык Өкмөт» долбоорунун Кыргызстандагы катчылыгынын башчысы Иманкадыр Рысалиевди аталган долбоордон алууну суранууну сунуштады.
Бүгүн «КТ-Мобайл» компаниясынын ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны болду.
Депутаттын айтымында, комиссиянын караган иши абдан маанилүү. Ошондуктан, чечимдерди тез арада кабыл алуу зарыл.
"Мегакомдун буга чейинки жетекчилери коррупциялык иштерге айыпталып, темир тор артында отурушат. Ал эми аны тартып алып, акча жасайбыз дегендер сыртта качып жүрүшөт. Комиссиянын жыйынтыгы баарына сабак болушу керек", - деди ал.
Анда айтылгандай, Иманкадыр Рысалиев «КТ-Мобайл» боюнча жыйындарды алып барып да жүргөн.