ИИМ "Альфа Телеком" ЖЧКсынын башкы директору Акылбек Жамангуловдун парламентте айткан билдирүүсү боюнча териштирүү жүргүзөт. Эске салсак, Жамангулов парламенттик комиссиянын жыйынында премьер-министр Абылгазиевдин бажасы  Иманкадыр Рысалиев аны коркутканын айткан. 

 

Аталган министрлик парламенттеги билдирүүлөр укук коргоо кызматтарына расмий кайрылуу катары кабыл алынаарын, эгер коркутуу фактысы далилденсе, тийиштүү чаралар көрүлөөрүн билдирди. 

 

Рысалиев өзү Жамангуловдун билдирүүсүн "болбогон кеп" катары сыпаттоодо.