"Мындай ызы-чууну туристтик сезонго даярдыктар жүрүп жаткан кезде уюштуруу сезонду үзгүлтүккө учуратууга багытталган кара ниеттик", - дейт мамлекет башчы. Ал бул тууралуу Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушууда билдирди.
Айтымында, кырдаал өкмөт бул ишке убагында көңүл бурбай койгону үчүн курчуп кеткен. Жыйынтыгында, ызы-чуу жаралды. Кыргызстанда эч убакта уран казылбайт.
"Жөн жерден эле ызы-чуу чыкты. Мындай нерсе болбошу керек. Кызыл-Омполдогу уранды казуу маселеси коомчулукта талкууланып, элдин тынчсыздануусун жаратканын эске алып, дагы бир жолу белгилейм, Кыргызстанда уран иштетилбейт. Бул окуя - тоо-кен тармагындагы башаламандыктын жыйынтыгы", - деди мамлекет башчы.
Ал президенттик ишмердүүлүккө киришкенинен кийин тоо-кен тармагынын жетекчиликтерине катуу талап кое баштаганын белгиледи.
"Лицензия берүүдө кадимки базардагыдай сатуу-сатып алуу орноп калыптыр. Ошондуктан, 2018-жылы лицензия берүүгө мораторий жарыяланды. Азыр бул ишти териштирүү болууда", - деди Жээнбеков.