Каракол шаарында 15 жашында төрөгөн кыз 1-марттан тартып мектепке барбаган. Апасы кызынын ооруп жатканы тууралуу тастыктама көрсөткөн. Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы билдирди.
Айтымында, мектептегилер кыздын кош бойлуу экенин билишпеген. Качан гана эрезеге жете электердин инспекциясынан барышканда кабардар болушкан.
Мугалимдер кыздын токтоо, ынтызар окуучу экенин айтышкан. Орто деңгээлде окуган. Буга дейре сабак калтырган эмес. 1-марттан тартып мектепке барбай калганынан класс жетекчиси менен социалдык кызматкер үйүнө барышса, апасы кыздын буту сынып, Бишкекте ооруканада жатканын айткан, ал турмак тастыктама көрсөткөн.
Кыздын апасы медайым болуп иштейт, атасы жумушсуз. Кыз толук болгондуктан, кенен кийимдерди кийчү, ошондон улам да мугалимдер анын кызыктуу абалы тууралуу билбей калышкан.
Айрым маалыматтарга караганда кыз жакын тууганынан кош бойлуу болгону белгилүү.