Чекара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев жана аталган ведомствонун жеке курамы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын үйлөрүнө дейре барышып, алардан кабар алганча, майрамдары менен чын ыкластан куттукташты.
Тирүү калган согуш ардагерлери бүт Кыргызстандын Чекара кызматынын “Карегимде Мекен чеги” медалы менен сыйланышты. Ошондой эле булардын баарына тең зарыл медициналык бекер жардам көрсөтүлдү.
- Сиздердин эрдик баалангыс! Анткени, Сиздердин кажыбас кайратыңыздар жана кайталангыс эрдигиңиздер аркасында биз бүгүн моминтип бейпил турмушта гана жашап жатабыз. Биз жаш муундарды Сиздердин мисалыңыздарда мекенчилдикке жана улуттар аралык биримдикке тарбиялап жатабыз, - деди Чекара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Габдулла Хузиахметовду Жеңиш майрамы менен үйүндө куттуктап жатып.
Ал эми ушул тапта ооруканада жаткан согуш ардагери Касымбек Эшалиевден Чекара кызматынын төрагасынын орун басары, полковник К.Исаков кабар алганда, майданчы абабыз Улуу Ата Мекендик согуш маалындагы өзүнүн жоруктарынан айтып, ыраса көңүл көтөрдү. Согуштун дагы бир ардагери Усубакун Байсалов 1942-жылы он сегиз жашында майданга аттангандыгын, тарыхый Курск Дугасындагы салгылашууга катышкандыгын баян этти. Ошону үчүн анын эрдигине тан берип, Чекара кызматынын төрагасынын орун басары Д.Сатимов карыяга узун өмүр тилеп, белек-бечкектерин колуна тапшырды.
Ошентип, Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда Чекара кызматынын өкүлдөрү согуштун жана тылдын ардагерлерин Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы менен дагыле куттуктап жатышат. Айтмакчы, мындай иш-чаралар ушуну менен гана чектелбейт. Чекарачылар жыл бою карылар, ардегерлер жана балдар үйлөрүнө баш багышып, аларга медициналык жана социалдык көмөк көрсөтүп келатышат.
ххх
Мамлекеттик Чекара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын үйлөрүнө барып кабар алганча, чын ыкластан куттукташты.
- Биз жаш муундарды Улуу Ата Мекендик согуштагы жоокерлердин жана офицерлердин каармандыгынын, ошондой эле эрдигинин мисалында бекем тарбиялап жатабыз. Дээрлик Кыргызстандын ар бир үйүнөн жарандар бул ааламатка катышкан. Ошондуктан, адегенде “Өчпөс Полк” жүрүшүн уюштуруп, алар ата-бабаларынын портреттерин көтөрүп параддан дагы өтүштү,- деди Айдаркен Чекара отрядынын башчысы, полковник Д.Сагынбаев.
- Адегенде аскердик параддан өттүк. Анткени, бул, биринчиден, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине көрсөтүлгөн сый-урмат, экинчиден, мамлекетибиздин күчүн жана кубатуулугун айгинелөө! - деди Баткен аскер гарнизонун башчысы, полковник Замирбек Мийзаев.
Булак: “Майдан. Kg” гезити