Жакындан бери соцтармактарда “КТ Мобайл” ЖЧКсы тууралуу терс өңүттөгү маалыматтар тарап баштаган. Түзүлгөнү менен азырынча ишке кирише элек компаниянын кызматкерлеринин алган маяналарын тизмелеген документ жарыяланып, аны окугандардын баарынын төбө чачы бир тик туруп алгандай болду. Анткени, андагы жетекчилик кызматтагылардын алганы кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгүнүн түшүнө да кирбеген сумма болчу. Мисалы, документте башкы директор Нурбек Мукамбетов айына 5 миң доллар, же 350 миң сом алаары көрсөтүлгөн. Анын орун басары Эрназар Рысалиев 300 миң сом, техникалык директор Николай Дмитриенко 290 миң сом, долбоордун башчысы Руслан Гайдаров 140 миң, роуминг боюнча жетекчи Раушан Белекова 85 миң сом. Бул болгондо да азырынча ишке киришпеген, мамлекетке салык төлөгөнгө чама-чаркы жете элек компаниянын кызматкерлеринин алган айлыгы. Документ албетте, коомчулуктун кыжырын жаратты. Мамлекетке бир тыйын пайда келтирбей жатып, мамлекеттик казынадан ири маяна алып отурат десе кимдин кыжыры кайнабасын...
Бирок, “КТ Мобайл” ЖЧКсынын өкүлдөрү өз чындыктарын айтып чыгышты. Маалымат жыйынын өткөрүшүп, бул документ кайдан пайда болуп, коомчулукка кантип тарап кеткенин түшүндүргөнгө аракет кылышты.
“КТ Мобайл” компаниясы “Кыргызтелеком” ААКсынын туунду компаниясы. 2003-жылы түзүлүп, GSM стандартындагы уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү үчүн жыштык жана лицензия алган. Бирок, жыштык жана лицензия алынганы менен аны кантип пайдалануу жолу көп жыл талкууланды. Өткөн жылы гана компания өлкөдөгү башкы уюлдук компаниялардын бири менен биргеликте түзүлгөн долбоорду ишке ашыруу чечимин кабыл алды. “КТ Мобайл” виртуалдык уюлдук оператор, анткени башка оператордун тармагы аркылуу ишке киребиз, ошол эле убакта жыштык жана лицензиясы бар көз карандысыз оператор”, - деди маалымат жыйынында компаниянын башкы директорунун орун басары Иманкадыр уулу Эрназар.
Ушул жерден айта кетүүчү жагдай, акыркы убакта аталган компания менен “Мегаком” тил табышпай калды. Бир канча убакыт мурда бир жыштыкты колдонуп, чогуу иштешүү келишимине келген эки компания эки башка пикирди карманып калышты. Бул чырды түшүнүү үчүн 2018-жылдын ноябрь айына кайтып барууга туура келет.
“Кыргызтелеком” өткөн жылдын 2-ноябрында “КТ Мобайл” менен иштешүүгө тендер жарыялаган. Ага Кыргызстандагы үч уюлдук компания катышып, жыйынтыгында “Мегаком” брендиндеги “Альфа Телеком” жеңүүчү болуп табылган. Тендерде “Мегаком” 345 миллион сом сунуштаган, ал эми “Билайн” 340 миллион сом сунуштагандыктан, экинчи орунда калган. Аукциондун жыйынтыгы 5-декабрда жарыяланып, “Мегаком” менен “КТ Мобайл” компанияларынын ортосунда келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык, Мегаком “КТ Мобайл” компаниясынын GSM стандартындагы жыштыктарын пайдалана алмак. Жогоруда сунушталды деген 345 миллион сом так ушул жыштыктарды пайдаланганы үчүн төлөнмөк. Бирок, баары бүтүп, ишти баштоонун кезеги келгенде эки компаниянын ортосунда түшүнбөөчүлүк орун алды. Келишим боюнча жыштыктарды эки компания чогуу колдонууга макулдашышкан. Бирок, “КТ Мобайл” орто жолдон кайра ойлонуп, толук кандуу уюлдук оператор болуу чечимин кабыл алып, андан кийинки иш аракетин ушул чечимди ишке ашырууга бура баштаган.
“Кыргызстандагы рынокко улуттук уюлдук компаниянын чыгышы пландалып жатат. Бул керектөөчүлөр үчүн да жакшы нерсе. Анткени, атаандаштык көп болгон сайын керектөөчүлөрдүн талабы кеңири кабыл алынып, тандоо мүмкүнчүлүгү да кенен болот”, - дейт маалымат жыйынында Эрназар Иманкадыр уулу.
Айтымында, улуттук уюлдук операторду ишке киргизүүдө долбоор мамлекеттик сатып алуулардын бардык процедураларын тыкыр сактоо менен ишке ашат. Компаниянын бардык каражаттары “Кыргызтелеком” жана КР өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө болот.
“Мегаком” компаниясы менен пайда болгон чыр коомчулукка жалган документтердин тарашына өбөлгө болду деп эсептешет “КТ Мобайл” компаниясынын өкүлдөрү. Аны менен катар ишке кире элек жатып бюджеттин жарымын сугунуп алчудай болгон “табиттүү” жетекчилердин маянасы компаниянын кызматкерлерине таандык эместигин айтышат.
Эрназар Иманкадыр уулунун айтымында, КТМнын менеджерлеринин айлык акысы рынок шартынан бир топ ылдый турат.
“Максималдуу айлык акы 157 миң сомду түзөт. Кызматкерлердин айлык акысы жазылган документ таратылбадыбы, андагы цифралар чындык эмес. Биздин алган айлыгыбыз ал суммага караандабайт. Эч бир расмий элемент кездешпеген документте “Альфа Телеком” компаниясы менен кызматташкан, же качандыр бир ошол жакта иштеген кызматкерлерибиздин аты-жөнү жазылыптыр. Бул жерде жамандоо, каралоонун эпкини уруп турат. Бирок, биз фейк маалымат тараткан тараптын деңгээлине түшпөйбүз”,- деди Э.Иманкадыр уулу.
Ал белгилегендей, “КТ Мобайлда” учурда 27 кызматкер эсепте турушат. Алардын орточо айлык акылары 18 миң сомдон 30-40 миң сомго чейин жетет. “Соцтармактарга тараган документтердеги маалыматтардын баарын жокко чыгарам. Биз аны окуп абдан күлдүк”, - дейт орун басар.
Компаниянын корпоративдик сатуулар боюнча директору Эрмек Исмаилов документтеги айлык акылар “Мегакомго” таандык экенин белгиледи.
“Бизде корпоративдик этика бар, компаниянын кызматкерлеринин эч бири ким канча айлык алып жатканын билишпейт. Бирок, жыйынтык чыгарганга болот. ММКларга таратылган документтеги маяналар Мегакомдун маяналарына туура келет”, - деди ал.
Ишке кире элек компаниянын жетекчилигинин алган маянасы тууралуу документ калпка чыгарылган соң, компания өкүлдөрү мындай калп маалыматты таратуу кимге кызык болгонуна токтолушту.
“2003-жылы түзүлгөнбүз, а бирок ишке кире баштаганыбызга бир жыл да боло элек. Ишке киргизүү боюнча чечим кабыл алынаары менен кара пиардын күчтүү толкунуна кабылдык. Бул кимге пайда? Мунун артында ким турат? Бул жерде “Кыргызтелекомдун” улуттук операторун каралоо процесси катуу жүрүүдө”,- деди Э.Иманкадыр уулу.
Эмнеге “КТ Мобайл” Мегаком менен бир жыштыкты пайдаланып, биргелешкен долбоордун агымында айлана бербеди? Өз алдынча чыгуу менен кандай утуштарга ээ болот? Бул суроолорго Эрназар Иманкадыр уулу жооп берип жатып, мунун баары керектөөчүлөрдүн пайдасына оодарылганын белгиледи: “Жаңы уюлдук оператор керек, бул рыноктун өнүгүүсү жана керектөөчүгө кызмат көрсөтүүнүн жакшыруусу үчүн зарыл. Өлкөдө операторлордун саны канчалык көп болсо, байланыштын сапаты да мыкты болот. ошондуктан биздин компания өлкөдөгү төртүнчү уюлдук компания болуп рынокко киргени турабыз”.
План боюнча төртүнчү уюлдук компания ушул жылдын май айында ишке кирмек. Бирок, кара пиар, “Мегаком” менен пикирдин келишпестиги мөөнөттү артка жылдырууга аргасыз болушту.
“Мунун баары бизге каршы агрессивдүү компаниянын иштеп жатканынан улам болууда. Жалган маалыматтарды таратып жатышат. Бул кырдаалга “Мегакомдун” позиция да түшүнүксүз болуп жатат”, - деди “КТ Мобайл” ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу.
Аэлита Сатындиева, Булак: “Майдан. kg” гезити