Ысык-Көлдөгү Балыкчы-Корумду унаа жолун куруу милдети "Лонг-Хай" компаниясына жүктөлгөн. Бирок, бул компаниянын жада калса кетмен-күрөгү да жок экен. Жергиликтүү тургундардын техникаларын ижарага алып иштетишүүдө.
Бул тууралуу депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди. Депутаттар "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашуу тууралуу ртификациялык мыйзам долбоорун" карашты.
«Жолдун сапатын караш керек да. «Лонг Хай» сындуу компаниялардын сапаттуу дол кура турганынан күмөнүм бар. Жолдун курулушуна белгилүү бир деӊгээлде мүмкүнчүлүгү, даярдыгы, тажрыйбасы бар компанияларды тартыш керек да. Биздеги жолдор бир жылдан кийин бузула баштайт. Ага ким жооп берери белгисиз. Ушундай жолдун бизге кереги барбы», - деди Кожобек Рыспаев.