Аламүдүн районундагы ГЭС-2 айылындагы Чоң Чүй каналына кечээ, 14-майда 8 жаштагы бала кулап кеткен. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган министрликтин кызматына каналга 8 жаштагы бала кулап кеткени тууралуу маалымат келген. Ошол замат куткаруучулар окуя болгон жерге барышкан. Бирок, тилекке каршы алар барганда бала каза болуп калган. Баланын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.