Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Дастан Бекешев чуулгандуу "КТ-Мобайл" компаниясынын ишмердүүлүгү жана паспорт тендери боюнча иликтеген комиссия түзүүнү сунушташты.
"Акыркы убакта ММКларга паспорт тендери боюнча көп маалымат жарыяланып жатат. Парламенттик комиссия түзүп, бул кырдаалды иликтешибиз зарыл. Коомчулук буга терс мүнөздөмө берип жатышат, демек парламенттик комиссия реакция кылуусу керек", - деди депутат Дастан Бекешев.
Ал эми депутат Жанар Акаев "КТ-Мобайл" компаниясы тууралуу пикирин айтты.
"Коомчулук ушул компанияны да кеп кылып жатышат. Компания 345 миллион сом алганын, жетекчилиги ири суммадагы айлык алышаары айтылып жатат. Мамлекеттик компанияларда иштегендер эмнеге ушунча айлык алышы керек, анан дагы 345 миллион сом берилиптир? Компаниянын жетекчилеринин бири премьер-министрдин тууганы деп да жүрөт. Муну териштириш керек", - деди депутат.
Депутаттардын сунушуна спикер Жумабеков мындай чечим биринчи фракциялардын, же профилдик комитеттин кароосунан өтүүсү керектигин айтып, жооп кылды.