Кытайда узак убакыт жаза мөөнөтүн түзөтүү колонияларда өтөгөн эки кыргызстандык Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жарандардын кайтып келүүсү ТИМ, Башкы прокуратура, Кыргызстандын Пекиндеги элчилиги жана кытай тараптын сүйлөшүүлөрүнүн акыбетинде болгон. Соттолуучуларды Үрүмчү шаарынан КР ЖАМКнын кызматкерлеринин колуна салып беришкен.
Жакын арада Кытайдагы абакта отурган дагы бир кыргызстандыкты Кыргызстанга которуу пландалууда.