Депутат Исхак Масалиев спикер Жумабековго жөнөткөн мыйзам долбоорун даректеди. Айтымында, депутат Жанар Акаев экөө чогуу мыйзам долбоорун демилгелеп, спикерге он күн мурда жөнөткөн. Бирок, ошондон бери төрагадан ак да, көк да деген жооп жок. 

 

"Спикер он күндөн бери мыйзам долбоорун комитетке жибере албай жатса башка маморгандардан ыкчам иштөөнү кантип талап кылабыз?" - деди Масалиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана  регламент боюнча комитетинин жыйынында комитеттин төрагасы Керезбековго кайрылып.

 

Ал Жумабековго пленардык жыйында суроо бергенден коркуп калганын айтты. 

 

"Кагып таштайт экен, абдан күчтүү жигит болуп кетиптир. Сиз комитеттин төрагасы болгондуктан парламенттин бардык тармагы боюнча регламенттин сакталышын көзөмөлдөшүңүз керек. Жогорку Кеңештин төрагасы биздин мыйзам долбоорлорунун кирүү жана чыгуу мыйзамдарын бузуп жатабы же жокпу ошону иликтеп, корутундусун чыгарып берсеңиз", - деди депутат.