Жалал-Абад шаарында 12-майда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов да атасына арнап той өткөрдү. Тойду спорттук мелдештер да коштоду. 

 

Депутаттын атасы Стамкулов Икрамды айылдаштары ажы ата катары таанышат. 

 

Спорттук иш чарага 750 спортчу катышып, күрөш жаатында күч сынашканы айтылууда. Тойго депутаттардан Асылбек Жээнбеков, Талант Мамытов, Канат Исаев ж.б.лар катышышкан. 

 

Буга дейре Раимбек Матраимов да атасына арнап ири той өткөрүп, спорттук иш чараны да аралаштырган.