Биздин бүгүнкү каарман - Сейитбек Ажиканов соцтармактарда, мезгилдүү басма сөз каражаттарында акыйкаттуулук, адилеттүүлүк, карапайым эл менен бийликтин мамилесинин тегерегинде өз оюн тайманбастан айтып келет. Атүгүл, өлкөдө орун алган кырдаалды ыр түрүндө баяндаганы окурман журтун кайдыгер калтырбаса керек. Гезитибиз карапайым калктын ой-пикирин дайыма чагылдыргандыктан, Сейитбекке да “дагы кандай кызыктарды айтаар экен...”- деп, микрофон сундук...

 

- Менин түпкү табиятым ушундай болсо керек, өлкөдө адилеттүүлүк тебеленип жатканда, четте карап тура албайм,- деп сөзүн баштады Сейитбек мырза. - Тилимдин кесепетинен куугунтук жеген күндөр көп болду. Телефон чалып коркуткандар огобетер. “Ыр жазган колуңду жанчып салабыз, бизге тийишкен мээңди чайпап, талпагын ташка жаябыз” дегендер чыкты. Мунун баары мен үчүн тобокелчиликтүү болгондугуна карабастан, эч качан өз оюмду айткандан тартынбайм. Анткени, чындык элге жетиши керек! Кыргызда “баш кесмек бар, тил кесмек жок” деп коёт. А бирок, бийликке жакпаган пикири үчүн мага окшоп куугунтук жегендер акыркы жылдары көбөйүп эле баратат, аны моюнга алып койгонубуз оң. Анткен менен бир адамдын оозун жабышы мүмкүн, он адамдын оозун буушсун, а бирок баарыбыздын үнүбүздү өчүрө албайт да.

 

- Сейитбек байке, сөзүңүзгө караганда, бийликке жакпаган нерселерди көп жазат окшойсуз? Эмне, оппозиционерсизби?

 

- Бизде эмнегедир ушундай ой калыптанып калган: эгерде сен бийликти сындап, ага каршы эмне сөз айтпа, дароо эле оппозиционер кылып салышат. Чындыкты айтып атасыңбы, ал эмне сөз, эч ким деле кызыгып териштирбейт. Жеке мен өзүмдү чындыктын жарчысымын деп билем. Мисалы, мен президенттик шайлоонун эртеси:

 

Бабановду шайлайм эле дегендер!

Баралы деп шайлоо күнү келгендер!

Баш чайкашып үйлөрүнө кайтышты!

Бюллетени айрылганга эрепкеп! – деп анын таза эмес өткөнүн айтып чыктым эле, туш-тараптан ур-соккуга калдым. Ошондон бери тынбай аңдып, жанды эзишет...

 

- Бабановду колдооруңуз билинип турат?

 

- Даана таптыңыз. Бабановду колдой коём деп накта балээге кабылып келатпаймынбы. Ал да кыргыздын уулу. Мекенчил жигит. Элине күйөт. Ошондуктан, Бабановго карата козголгон саясий буйрутма кылмыш иши жабылышы кажет. Бүгүнкү күндө мамлекетибиз чет элдик инвесторлорго зар болуп турган учуру. Ошого байланыштуу Өмүрбек Токтогулович ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр, сунуштарды киргизип олтурат. Бийлик үчүн бул жаатта Бабанов менен чогуу иш алып баруу пайдалуу болмок да. Анын ордуна бийлик башындагылар:

 

Бабановду жолотподуң сөзүңдө!

Билбеймин деп канча көздүн көзүнчө!

Баардык ишти сот чечет деп кутулдуң!

Билесиңби ошол жерден утулдуң! – деп жазганымдай ишке барышты. Тоскоолдук жаратышты. Бабановду 600 миңдей адам колдоп добуш берген. Аны колдоп чыксам, мени да куугунтуктап жатышпайбы... Бул акмакчылык да.

 

- Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүн бүт эл колддоп жатат. Бул жаатта кандай ойлоруңуз бар?

 

- Ыр менен айтайын:

 

Чыркырады чындык издеп калың эл!

Жан дүйнөсү жабыркады тарып, кең!

Фамилиясын, аттарын да аташты!

Жыйынтыгын көрүшпөдү канып тең!

 

Маркум Улан бетин ачты канчасын,

Алар бүгүн жүрөт элде басып кең!

Сен камадың эски ажоо дөөлөрүн!

Атын сатып, өлкө жеген чөөлөрүн!

 

Бүгүнкүгө кепилдик жок өзүңүн,

Адамдарың салышпайт деп колдорун!

Кээ бирлери кудай сымал жүрүшөт,

Чындык жакка салып семиз жондорун! – менин айтайын дегеним, коррупция мурда деле болуп келген, бүгүн дагы бар.

 

- Ушу тапта акын, жаран катары жүрөгүңүздү эмне оорутат?

 

- Мен балдарыбыздын, мамлекетибиздин келечеги үчүн күйөм. Качан бизде бийлик башындагылар элди ойлой баштайт? Жакында көрдүк го, бүт чиновниктер бир байдын алдына жүгүнүп барышты. Анан эмне, ушулар оңдойт бекен өлкөнү? Шермендечилик. Бул тууралуу да жазган ырым бар:

 

Кай бирин айттың калк акын!

Калыс айткан алп акын!

Элиңдин муңун сен угуп,

Кулагын акмак кашайттың!

 

Бийликти айтып ырдадың!

Той десе жатып чогулган,

Жемкорлорду баса айттың!

Калбады сенден башкасы,

 

Акмактын көөнүн басайттың!

Сатылып кетип баратат,

Калбай бир барат тарабың!

Улутту ойлоор киши жок,

Ким жазат элдин санаасын!

 

Эл ишенген кээ бирлер,

Кожолорго кол берди!

Кожолору кутуруп,

Көрдүңбү деп той берди!

 

Мекеним деген уулдарың,

Меники деп ой берди!

Дүнүйөкор кээ бири,

Аталап аны жиберди!

 

Эмкиде ал да болот деп,

Уялбай тилек тиледи!

Ошентип анан той бүттү,

Аларды калкым ийледи!

 

Актанып баары жатышты,

тил тилине тийбеди!

Алардын жүзүн көргөн эл,

Каалашынча тилдеди!

 

Ыңгайсыз болуп кээ бири,

Батынып кепке кирбеди!

Айтайын деген сөз эмне,

Деңгээли кетти бегиңдин!

 

Маанайы сууп элиңдин!

Ишенер эми ким калды,

Тагдыры эмне жериңдин!

Баары ууру, акмактар,

түбүнө жетер кениңдин!

Бурмалап, түзөп коюшат!

Жок болсоң жерин кебиңдин!

 

Кыргызга кыргыз душманбы!

Кыргызды Кудай урганбы!

Өз тууганын көтөрбөй,

Башка улут тууганбы!

 

Эптүүсү элин эзгенде,

калайык калк кууганбы!

Адилет издеп журт чыкса,

Канга колун жууганбы!

 

Тактымды бербейм дегенсип,

Чегинип бекем турганбы!

Айласы кетип акыры,

Изи кетип, сууганбы!

 

Чыркыраса чындык деп,

Колу-бутун бууганбы!

Жалган жалаа жаптырып,

Түрмөгө жүзүн бурганбы!

 

Соттордон үмүт кылышса,

Адилети сумсайды!

Жемкорлор тойлор беришсе,

Бектериң барат турбайбы!

 

Унутуп эл мүдөөсүн,

Учкаша берет турбайбы!

Акмактар болсо күлүштү,

Атаке десе бир байды!

 

Жактагандар андан көп,

Куйруктар толгон турбайбы!

Калыс сүйлөөр киши жок,

Эңседи бүгүн кул майды!

 

Ээрчиткен элин эрлер жок,

Кошоматчы жылмайды!

Күрөшөм деген кишибиз,

болду, ишин кылбайбы!

 

Өлкөнү жеп жаткандын,

Баскан жолун кыйбайбы!

Көкүрөк кагып айтты эле,

Сөздөрүнө турбайбы!

 

Эли күтүп олтурат,

Келет деп жакшы, күн айды!

Кээ бири үмүт үзүштү,

Кимисин коштоп туурайлы!

 

Суурулуп качан чыгар дейм,

Кыйкыра тарткан сурнайды!

Бир дөбөгө эл жыйган,

Токтоткон элин куумайды!

 

Маек курган

Аэлита Сатындиева

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №018, 15.05.2019-ж.