Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын Үй-бүлөөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Мусаев А. 2019-жылынын  8-майында Сузак районунда  ур токмокко алынган  30.04.2017-жылы туулган О.А. абалы тууралуу ооруканананын дарыгерлери менен жолугуп кабар алды.

 

Бүгүнкү күндө бала Жалал-Абад областык ооруканасынын жандандыруу  бөлүмүндө, абалы туруктуу оор.

 

Эки жашар кыздын энеси Москва шаарынан учуп келип баласынын абалын көрдү.

 

Учурда  Сузак районунун Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери баланын кызыкчылыктарын коргоо тууралуу энесине түшүндүрүү жүргүзүп жатат.

 

Бул окуяны райондук ички иштер бөлуму кокустук-деп каттагандыктан балага карата физикалык зомбулук болгон деп каттатуу максатында Сузак районунун Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери чара көрүүдө. Учурда Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын Жалал-Абад областындагы өкулунө билдирүү  беришкен жана алар менен бирдикте Жалал-Абад областык прокуратурасына көтөрүлгөн маселеге көңүл буруу тууралуу кол жолдонгондугун билдиришкен.   

    

Жашы жете элек Айишанын энеси кызы жакын туугандарынан жабыркагандыгы боюнча ички иштер бөлүмүнө арыз жазуудан баш тартты. Ал эми  Сузак райондук эмгек жана социалдык өнугуу башкармалыгынын үй-булөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери мыйзамдуу өкүлү катары баланын укуктарын жана   кызыкчылыктарын коргой тургандыгын билдирди.

 

М