КР ТИМ азырынча Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын кылыгына жооп кайтарбайт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Түрк элчиси 8-майда муфтият уюштурган ооз ачаарга келип, ызы-чуу чыгарган. Ага ФЕТО уюмунун өкүлдөрү да чакырылганы жаккан эмес. Кыргызстан ФЕТО менен Түркиянын ортосунда бирөөсүнө тандоо жасашы керектигин да айткан.
Ал 2018-жылдан бери Кыргызстандагы элчи болуп келатат.