"Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаковго Ош шаарында кол салуу болду. Ал өзү билдиргендей, шаардагы жашыруун казинолорду тартып жүргөндө кумар жайынын кайтаруучулары кол көтөрүшкөн.
Ал жабыркаган эмес, сырт кийимин гана жыртып салышкан, ошондой эле бети тытылган. Ал милицияга арыз жазбаганын, бирок бул окуя соцтармакка түз эфир жүктөп жатканда болгондуктан, укук коргоо кызматтары өздөрү эле чара көрүүлөру керек экенин айтат.