Бишкекте белгисиз бирөөлөр ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноп кетишкен. Бул тууралуу укук коргоо кызматтарынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, уурулар 60 миң доллар уурдашкан. 

 

6-майда Октябрь райондук ИИБине А.Д. аттуу жаран кайрылган, ал үйүнө 5-майдан 6-майга караган түнү беткапчан адамдар кирип ири суммадагы акча жана алтын жасалгаларын  алып кетишкенин айткан. 

 

Учурда шектүүлөрдү кармоо иш чарасы жүрүүдө.