Соцтармактарда түрк элчисинин кылыгы кызуу талкууга алынууда. Окуянын жүрүшү момундай: Кыргызстандын Муфтияты ыйык Орозо айында интеллигенцияга ооз ачырмак болуп, ага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат да чакырылат. Президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков да барганы айтылат. Анан эле түрк элчиси ал жерге ФЕТО уюмунун өкүлү да келгенин көрүп, "мен силерге 35 миң долларга мечит салып берсем, анан мени террорист менен бир жерге чогуу чакырасыңар!" - деп кагынып-силкинип чыгып кетип калат.
Бул боюнча соцтармактык колдонуучусу Гүлжигит Исаков пикирин мындайча билдирди:
"Башынан эле айта кетели, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат мырзанын КРнын Муфтияты уюштурган ооз ачаардагы жоругу дүйнөдөгү бар болгон эч бир баалуулукка, эч бир дипломатияга, эч бир маданиятка сыйбай калыптыр. Куттуу Рамазандын рухуна дагы, исламга дагы такыр туура келбей калыптыр. Тилекке каршы!
Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат мырзанын бул жоругу жаңы эле чыга калган жок. Ал КРнын тышкы иштер министрлигинин атынан жалган сүйлөп салган учурлары дагы болгон ушул убакка чейин, эсиңиздерде болсо керек.
Кыргыз Республикасынын ар кайсы органдарына жең ичинен басым жасап, "тигини тизмеге кош, муну алып сал" сыяктуу көрсөтмө берип келгени сыр эмес.
Соттук отурумдарга катышып, адилеттүүлүк системабызга кийлигишип келгени дагы жашыруун эмес.
Негизи, бир суроо туулат да. Бул элчинин көрүнгөн жерде эле дипломатияга туура келбеген демарштарынын аркасында эмне жатат? Эрдоган мырзага жагынып, көзүнө көрүнүп, АКШга элчи болуп дайындалгысы барбы? Же Кыргыз Республикасын Түркиянын бир провинциясы көрөбү? Түркия менен Кыргызстандын юрисдикциялары эки башка болгонунан кабары жокпу?!
Боордош түрк салык төлөөчүлөрүнүн эсебинен салынган мечит, элчи мырзанын же Эрдоган мырзанын өз чөнтөктөрүнүн эсебинен салынган жок да? Боордош элдер бири-бирине ар дайым жардам берип келишет. Кыргыз жетекчилери деле, маселен, 20-кылымдын башында Шабдан Баатыр Стамбул - Хижаз (Мекке) темир жолунун салынышына абдан чоң материалдык салым кошуп, муну биздикилер милдет кылышкан эмес.
XIV - кылымда Византияга каршы согушта атайын Осмон империясындагы боордошторго жардам берейин деп барган жана шейит болгон кыргыз аскерлери болгон. Аларды милдет кылбай эле келебиз. Адамдын өмүрү кымбат турат ар дайым.
1) Диний көз караш менен айта турган болсок, кайрымдуулук жасалгандан кийин аны дароо унутуу керек. Анткени, кайрымдуулукту эстей берген сайын, милдет кыла берген сайын сообу бул дүйнөдө түгөнөт. Аркы дүйнөгө эч нерсе калбай калат. Аллахтын үйүн менчиктештире берген болбойт.
Рамазан айы - тынчтыктын, аруулануунун айы, бузукулук чыгаруу айы эмес.
Кимдин мусулман, кимдин мусулман эмес экенин аныктоо бир Жаратканга таандык, анын пендесине эмес. Хадисте айтылгандай: "Кимде ким бирөөгө мусулман эмес десе, жана ал мусулман эмес делген киши мусулман болгон болсо, сөз ээсине кайтат".
2) Идеологиялык коопсуздук маселеси.
Ар бир өлкөнүн "жардам берип жатабыз" деп эле өз саясатын таңуулай бергенге укугу жок! Биздин улуттук кызыкчылыкка туура келген жагына карап, шайкеш келген позицияларда кызматташа бергенибиз турган иш! Бирок, чеги менен.
3) Дипломатияга туура келбеген жорук.
Элчи мырзанын жасаганы такыр эле дипломатияга туура келбейт. Көрсөтмө берүү, ар жакка мурдун тыга берүү дүйнөдө бар болгон бир дагы баалуулук менен коошпойт.
4) Улуттук каада-салт жана боордоштук.
Кыргыздын "жаман үйдү коногу бийлейт" жана "конок койдон жоош" деген ташка тамга баскандай макалдары бар. Ушул өңүттөн алып караганда, Түркиянын элчисин ашыкча эркелетип, көптүрүп алдык! Кыргызстан боордош өлкө менен мамилени бузгусу келбегени үчүн чыдап жаткан чыгар, бирок бир туугандыктын дагы, боордоштуктун дагы чеги болот. Түркиядан дагы күчтүү өлкөлөрдүн элчилери мындайга барбай эле турушат.
5) КРнын Муфтияты.
КРнын Муфтияты Кыргызстанда иш алып барып жаткан БААРДЫК МУСУЛМАНДАРГА эшигин ачып, диалогго чакырганы накта мусулманча, накта мырзалык кадам болуптур. Рамазан ынтымакка, тынчтыкка үндөйт. Муфтийибиз Максатбек Ажы накта мусулманча, накта жигитче, накта дипломат катары өзүн көрсөтүптүр.
Бул көрүнүш Кыргыз бийлигине жана кыргыз ишкерлерине ЧОҢ МЕССЕДЖ бериптир. Ал месседж: "ӨЗҮҢӨРДҮН МУФТИЯТЫҢАРГА ӨЗҮҢӨР ЭЭ БОЛУП, ӨЗҮҢӨР КАРЖЫЛАГЫЛА ЖАНА ИШ ЖҮЗҮНДӨ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ БОЛГУЛА!" - деген таризде.
6) КРнын ТИМи.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги чукул түрдө Түркиянын Кыргызстандагы элчисин министрликке чакыртып, түшүндүрмөсүн талап кылышы керек! Керек болсо, "персона нон грата" деп жарыялашы зарыл.
7) Кыргыз Республикасынын Президенти Түркиянын Элчисине берген ишеним грамотасын чакыртып алуусу зарыл.
Женгиз Камил Фырат мырзанын "Президентке айтам" дегидей, Президенттен алган кепилдиги барбы? Эгерде чын эле бар болсо, ал эмне деген, кандай кепилдик?!
8 - Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов мырза четте карап турбастан, Кыргызстанда кайсы уюмдар террористтик уюм катары эсептелээрин, кайсылары андай категорияга кирбешин так белгилеп, мыйзамдан четке чыгып кеткен жеке жана юридикалык жактарга кылмыш ишин козгоосу зарыл.
9) Түркиянын Кыргызстандагы Элчиси Кыргызстандын элинен кечирим сурап, түйүнчөгүн түйүп, өзү билип эле кетип калышы кажет эч кандай процедураны күтпөстөн.
Кыргыз Республикасынын органдары, институттары жана жарандары кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишине салым кошуулары кажет. Иш жүзүндө көз карандысыздыкка умтулуубуз кажет.
Улуттун аброю, Мамлекетибиздин аброю ар дайым жогору турушу абзел!
Мусулман террорист боло албайт,
террорист мусулман боло албайт!"