Милициядан кабарлашкандай, “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу камакка алынган эки дарыгер  үй камагына чыгарылды.

 

Кылмыш иши боюнча беш дарыгер сурак берүүдө, алардын үчөө 6-майда кармалган.  Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарыгерлери Цопова жана Макимбетов ага чейин кармалып, учурда абакта отурушат. Сот дагы үчөөнүн баш коргоо чарасын карап, экөөн үй камагына чыгарып, үчүнчүсүнө  СИЗО-1ге эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

 

 Эске салсак, Батукаев 2013-жылы апрель айында айыккыс оор дартка чалдыккан деген себеп менен жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жеринен эркиндикке чыгарылган.