Бишкекте талап-тоноочулукка шектелген жаш жигиттерден турган топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, 19-апрелде милицияга Пакистандын жараны кайрылып, белгисиз бирөөлөр бычак такап коркутушуп, 3,4 миң сомун жана 20 миң сом турган телефонун тартып алышканын айткан.

 

 Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. КР Кылмыш кодексинин “Каракчылык” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

 

29-апрелде ушул сыяктуу дагы бир көрүнүш катталган – белгисиз бирөөлөр жолдо бараткан адамга бычак такап коркутушуп, 6 миң сомдук телефонун тартып алышкан.

 

Ыкчам-иликтөө чаралар учурунда беш жаш жигит кармалган, алардын эң жашы 16 жашта болгон.

 

Учурда кошумча тергөө-ыкчам аракеттери көрүлүп, топтун дагы башка кылмыштарга да тиешеси бары-жогу аныкталып жатат.