Кыргызстанда Ташкенттин прокурорунун мурдагы орун басары Мираглам Мирзаевдин качкын тууганы кармалды. Бул тууралуу Жахон.уз маалымат агенттиги жазды.
Кармалган Зиедулла Иногомов төрт райондон турган шаардык прокуратуранын алдындагы департаментте даражалуу кызматты ээлеп турган. Издөөгө алынганын билип Өзбекстандан качып кетүүгө аракеттенген.
Мираглам Мирзаев Ташкент шаарынын прокурорунун коррупция жана экономикалык кылмыштар боюнча орун басары болгон. Учурда Өзбекстандын Кылмыш кодексинин бир канча беренелери боюнча айыпталууда.