Бишкек ШИИБи Эрмек Океновдун үйүндө эч кандай тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлбөгөнүн билдирди.

 

Эске салсак, буга дейре КСДПнын Саясий кеңешинин мүчөсү Эрмек Окенов 11-майда ал үйүндө жок кезде укук коргоо кызматкерлери автомат көтөрүп кирип келишип, кичинекей кызы менен үч операцияны башынан өткөргөн жубайынын эсин чыгарышканын жазган. Алар 12-майда да кайра келишкенин белгилеген.

 

Окенов бул ишти бийликтен көрүп, Атамбаевди “сатпаганы” үчүн ушундай коркутуулар башталганын билдирген.

 

Бишкек ШИИБи Эрмек Океновдон эч кандай арыз келип түшпөгөнүн жарылады.

 

“Ошондой эле бул факты боюнча “102”ге эч ким телефон чалган эмес. Окуя ишенбөөчүлүктү жаратат, бул жерде провокация жыттанууда. Бирок, сигнал келип түшкөндөн кийин шаардык милициянын каражаты жана күчү ишке тартылды, Окенов жана анын тарапташтары болгон окуяны тастыктап бере алышпады”, - дейт милициядан.