“Урматтуу мекендештер! Кечээги мага карата багытталган саясий мүнөздөгү провокациялык кырдаалды түшүндүрүп коеюн дедим. Мен, Окенов Эрмек Төлөгөнович, КСДП партиясынын мүчөлүгүндө 2007-жылдан бери бармын, КСДПнын Саясий кеңешинин мүчөсү жана КСДПнын жаштар демилгелерин жылдыруу боюнча комитетинин төрагасымын.
Бул жылдар аралыгында мага карата ар кандай провокация жасашты, алар Атамбаевге саткынчылык кылып, партиядан чыгып кетишимди каалашты. Бирок, ата-энем мени абийирдүү, чынчыл, ишенимдүү, калыс, түз, ачык адам кылып тарбиялашкандыктан, Атамбаев жана КСДПны саткан жокмун.
Акыркы жылдары мен партияда активдүү иштеп жатам. Партияга ондогон жаңы мүчөлөрдү тартып, жаңы платформаларды түзөм, партиялык массалык иш чараларды өткөрөм, булардын баары Кыргыз Республикасынын элинин биздин партияга болгон коллоосун жаратат.
Так ушул нерсе бийликке жаккан жок. Анткени, бийлик чынчыл, калыс саясатчы Атамбаев саясий аренада күчтүү бойдон калышын каалабайт.
Кечээ мен сапарда болгом, Ысык-Көл облусуна баргам. Эртең менен үйүмө суроо-сопкутсуз эле колдоруна автомат көтөргөн укук коргоо кызматкерлери кудум эле мен эл аралык деңгээлдеги террорист, же экстремист сыяктанып кирип келишти. Үйдө жубайым гана бар болчу, бул жылы ал үч ирет оор операцияны башынан өткөргөн, аны менен эмчектеги балам да бар эле. Жубайым моралдык жактан катуу сокку алыптыр, а кызымдын эси чыкты.
Биздин өлкөдө ММКлар ар күн сайын педофилдер кылмышты кеңири көчөдө жасаарын, ондогон адамдар зордуктоого кабылаарын, үйлөрдү өрттөп кетишерин, киши өлтүрүү болоорун жазышат, а бирок буга көңүл бурулбайт деле!
Мен мунун баары саясий мотив менен болуп жатат деп эсептейм”, - деп жазган Окенов.
Андан ары ал С. Исаков, К. Кулматовдордун абакка камалганын чыныгы патриотторду “репрессиялоо” деп белгилеген.