Бүгүнкүгө караган түндө “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев “Райым байке...”- деп аталган ырын өзүнүн “Фейсбук” баракчасына чыгарды:


“Удургуган эбегейсиз бороонго, 
Балким бербейт, сиз бересиз туруштук.
Таңды күтүп, келсек дагы акырын,
Райым байке, сиз болосуз кепилдик.

 

Долуланып АША онтоп улуду,
Дайра согуп, жел да саамга тыныды.
Бирок аны эч ким ээрчип акпады,
Сизге карай толкун уруп жылыды.

 

Дагы сүрдүү дайранын шоокумдары,
Балким кесе катаалдана урса дагы.
Мен келемин шамалдын мизин кармайм,
Райым байке, бек турамын өзүм дагы...”.


Асланбек САРТБАЕВдин чыгармачылыгын коомчулук ар түрдүү баалады.

 

Венера Ормонбекова аттуу соцтармак колдонуучусу: “Азыр эң мода - кошоМАТ жазуу. Ар замандын өзүнүн - стильный жазуучулары бар”- деген оюн калтырды. “Укмуш. Тим эле укмуш, көркөм, мааниси терең жазылыптыр... аябай сөз байлыгыңыз күчтүү, рифмачи, 1-эле сызыктан билдирдиңиз ким экениңизди”- деп мыскылдады ал.

 

Журналист Сураган Босумбаев“Жамак десек туурарак болобу дейм. Мыкты жамак!”- дей коём деп, Асландан жеме укту: Жамак эмес бул. Адабиятчылар, сынчылар баа берсин! Балким, Пушкиндин стилине жакындашат... Сураган Босумбаев сиздин адабияттан түшүнүгүңүз жок экен. Акын жазат, аны коомчулук баалайт. Эгер эл кабыл албаса сурулуп калат. Кеп мына ушунда...”.

 

Мелисбек Жумакадыров: “Акчанын күчү журналистерди жамактатып ийиптир го чиркин! Катуу дубалаган экен Райымбек миллиард”- деп ийди.

 

Бекболот Омошовдун ою боюнча, Райым аке бир жарылса АША оңбойт го: “Казак, түрк, орус, өзбек миллионерлери кебелбей иш кылып атат. Өзүбүздөн бирөө чыкса баса калыш керек да”.