Бүгүн, 8-майда Жогорку Кеӊеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.
2-окуудагы мыйзам долбоорун жалпы жыйынга Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров алып чыкты.
Мыйзам долбоору өлкө аймагындагы асыл тукум мал чарбаларын колдоого багытталган. Мыйзам долбоорун 1-окууда кароодо депутаттар Айтмамат Назаров менен Асылбек Жээнбековдон колдонуудагы мыйзамдын негизги түшүнүктөрүнө геномдук селекцияны кошуу боюнча сунуштарын беришкен. Геномдук селекция – бул малдын генотибин тактоо. Ал гендердин варианттары менен чарбалык пайдалуу белгилердин ортосундагы өз ара байланышты табууга, азыктуулук сапаттарынын баалуу белгилеринин популяциясын аныктоого жана бекемдөөгө, селекцияны максаттуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Ошону менен катар эл өкүлдөрүнүн сунушу менен асыл тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун алган асылдандыруу ишинин субьектилерин мамлекеттик колдоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоо жолу менен КР Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жана шартта ишке ашырылары белгиленген.
Талкууда депутат Алмазбек Акматов өлкө аймагындагы катталган тогуз асыл тукум чарбасынын кейиштүү абалдан кантип чыгуу жолдорун сурады. Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев асыл тукум чарбалары өнүктүрүү, колдоо иш-чаралары колго алына баштагандыгын маалымдады. Депутат Аалы Карашевдин суроосунан кийин геномдук селеция Агрардык университетте жүргүзүлө баштаганы, «Манас» эл аралык университетинде дагы мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилүү болду. Эл өкүлү асыл тукум чарбаларын колдоого каралган 36 млн сомду өз багытында жумшоо керектигин, муну тармактык министрлик көзөмөлгө алышы зарылдыгын айтып, мыйзам долбоорун колдоого ала тургандыгын билдирди.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.