Уюлдук операторлор байланыш пунктарын курганга жер сурап жатышат. Алардын айтымында, бул лицензиялык талаптарды аткаруудагы милдеттүү шарт.

 

Бирок, депутаттар жерди трансформациясыз бир категориядан экинчиге өткөрө берүү мүмкүн эместигин айтышты. Жайыт жана өзгөчө кайтарылган жаратылыш аймактарын пайдаланууга тыюу салынган.

 

 Уюлдук компаниялардын жетекчилиги бул маселени чечүү үчүн 20 метрден ашпаган аянттагы жерлерди жабдыктарды орнотуу, же курулуш үчүн трансформациясыз эле убактылуу пайдаланууга берүү нормасын киргизүүнү сунушташты.

 

Депутат Алмаз Акматов андай жабдыктар айлана-чөйрөгө жана калкка зыянын тийгизерин айтып каршы чыкты. Аны санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өкүлү Жаныбек Арзыкулов да колдоого алды. Айтымында, жибергичтердеги электромагниттик толкундардын нурдануусу нормадан  10-20 эсе көп болот.

 

 Жыйынтыгында, депутаттар жабдыктарды орнотуу кандай зыян чыгараарын алгач анализдөөгө токтолушту. Уюлдук операторлордун демилгесин экспертизага жиберишти.