Соттун чечиминде, аял 2014-жылдын 28-сентябрында күйөөсү менен ичип, мас абалда болгону жазылган. Алар уруша кетишип, аял күйөөсүнүн жүрөк тушуна бычак сайып жиберген. Эркек ошол жерден көз жумган.

 

Аялдын айтымында, 27-сентябрда  ал үй тиричилиги менен алектенген, кечинде күйөөсү инисин ээрчитип мас абалында келген. А аял дасторкон жайган. Эркек аны сөгүп баштаган, экөө дагы бир бөтөлкө түгөтүшкөн. Жыйынтыгында уруша кетишип, эркек аялды сабоого аракеттенген, а аял болсо бычакты ала коюп көкүрөк тушуна матырып салган. Аял күйөөсү буга чейин да кол көтөрүп келгенин айткан.

 

Сот аялды айыптуу деп таап, 5,6 жылга эркинен ажыратты. Ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүктөн сот аны жазадан бошотууга чечим чыгарды.