photo_2019-05-07_21-14-10

 

photo_2019-05-07_21-14-11

 

 

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Нарын шаарына жумушчу сапарынын алкагында батирлерин ипотекага сатып алуу сунушталып жаткан, жакында эле курулушу аяктаган турак үй менен таанышты.


Курулган турак үй аймактын көпчүлүк жашоочулары үчүн жеткиликсиз болгондуктан, потенциалдуу кардарлар үчүн батирлердин баасын арзандатуу боюнча жалданма-компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 


Андан соң вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Нарын шаарында жашаган ардагери Тукеш Токтомушевден кабар алды.


«Сизди чын жүрөктөн 9-Май – Жеңиш майрамы менен куттуктайм. Сиз – эрдиктин, тайманбастыктын жана руханий кубаттын жаркын үлгүсүсүз. Дал ушул сиздердин, согуштун ардагерлеринин жана тылдын эмгекчилеринин арты менен биз тынчтык заманда жашап, эмгектенип жатабыз. Сизге эрдигиңиз үчүн тизе бүгүп таазим этебиз», – деди ал.


Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Тукеш Токтомушевге бекем ден соолук жана узак өмүр каалап, ага белектерди тапшырды.


Быйыл карыя 96 жашка чыгат. 1942-жылдын апрелинде 17 жаш курагында фронтко чакырылган. 1945-жылдын февралында ден соолугуна байланыштуу аскердик кызматтан чакыртылып, оорукта кызмат өтөгөн. 1948-жылы Омск шаарында индустриалдык техникумду аяктагандан кийин мекенине кайтып келип, даярдоочу кеңселер тутумунда иштеген. 1949-жылдан 1954-жылга чейин Тянь-Шань облустук даярдоо кеңсесинде башкаруучу болуп эмгектенген.


Ардагердин 6 уулу, 2 кызы, 34 небереси, 28 чөбөрөсү жана 4 кыбырасы бар.