Бишкекте 7-майда саат болжол менен түнкү ондордо жол кырсыгы орун алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, М.Н. аттуу айдоочу “Хонда Фит” автоунаасын башкарып, К. Акиев көчөсү менен түштүк багытта баратып, Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде А.Ж. аттуу айдоочу башкарып келаткан БМВ үлгүсүндөгү автоунаа менен кагылышкан.

 

 Жыйынтыгында, БМВнын айдоочусу менен “Хонда Фиттин” эки жүргүнчүсү жабыркашкан. Алар ооруканага кайрылышкан. Кырсык кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.