"Азаттыктын" журналисти Ыдырыс Исаковдун үстүнөн ишкер Жалил Атамбаев арыз жазган болчу. Орозо айынын урматына карата арызын кайтарып алганын адвокаты Шумкарбек Абжапаров билдирди.
Айтымында, Жалил Атамбаев ыйык Орозо айында эч ким менен касташпаймын, урушпаймын деп журналистти кечирген.
Эске салсак, Жалил Атамбаев “Азаттыктын” кабарчысы Ыдырыс Исаковду иликтөөсү үчүн 29-апрелде сотко берген жана 50 миллион сом моралдык чыгым өндүрүүнү ниет кылган.