Алардын катарында Таш-Кѳмүр ШИИБнин демилгеси менен күч түзүмдѳрү арасында “Биримдик, ынтымак, достук үчүн” спорттук иш-чарасы болуп ѳттү. Салтанаттын ачылуу аземинде Таш-Көмүр ШИИБнин начальниги, милициянын подполковниги Азен Козукеев, Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри Айнакан Темирбаева, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасы Сулайман Сансызбаевдер сѳз сүйлѳп, 5-май Кыргыз Республикасынын Конституция күнү жана 9-май Жеңиш майрамы менен куттукташты. Азен Козукеев ѳз сѳзүндѳ бул спорттук иш-чаранын негизги максаты достук мамилени чыңдоо, дени сак жашоого үндөө экенин баса белгиледи.
Спорттук таймашка Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Таш-Көмүр шаарынын “Өзүнчө куткаруу” аскер бөлүгү, Ички Иштер Министрлигине караштуу Шамалдуу-Сай шаарчасында жайгашкан “Ички аскерлер бөлүгү”, Аксы РИИБнин жана Таш-Көмүр ШИИБнин өздүк курамы жана жаштар комитетинин командасы да катышты.
Мелдеш спорттун беш түрү боюнча ѳткѳрүлдү. Алар:
- Футбол;
- Волейбол;
- кол күрѳш;
- аркан тартыш;
- 24 кг. салмактагы гираны кѳтѳрүү.
Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, жалпысынан 100гѳ чукул спортчулар катышып, анын жыйынтыгында футболдо 1-орунду Таш-Көмүр ШИИБнин командасы алса, волейболдо биринчиликти Таш-Көмүр шаарынын “Өзүнчө куткаруу” аскердик бөлүгү (МЧС) багындырды. Аркан тартышта болсо Таш-Көмүр шаарынын 1991-жылы туулган жаштары күчтүүлүгүн кѳрсѳтѳ алышты.
Ал эми калган спорттун түрлѳрү боюнча жеңүүчүлѳр, күч түзүмдөрүнүн катышуучулары Таш-Көмүр ШИИБи тарабынан даярдалган медаль, кубок жана баалуу белектер менен сыйланышты.