Бишкектеги мектеп окуучулары окуган китептерде Жогорку Кеңеш эки палатадан турат, Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйыны деп окушат. Биринчи палата 60, ал эми экинчи палата 45 депутаттан турат деп жазылган.
Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларга эмнеге эски маалыматтар берилээри боюнча ар бир педагог ылайыгына жараша окуу китептерин пайдаланышат деп билдирди. Мыйзам чыгаруу бийлиги боюнча окуткан китеп министрлик тарабынан тастыкталган эмес. Мугалим кошумча окуу үчүн ар кандай китептерди колдоно алат.