Бүгүн, 7-майда Бишкек шаардык соту УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду эркиндикке чыгарды. Экс-төрага соттун мындай чечими ага да күтүүсүз болгонун айтты: 

 

"Мындай чечим чыгаарын күтпөгөн элем. Абдан таң калып, ыраазы да болдум. Менин ишим боюнча он жылдан бери өтө көп сот болду. Бир да жолу акыйкаттыкты көрбөдүк эле, бул биринчи жолу болду", - деди ал. 

 

 

"Өсүп келаткан муун Кыргызстанды өзгөртүшү керек. Мен сыяктуу генералдар кайгылуу жыйынтыкка жеткирчү жаңылыштык жасабай тургандай болушсун. Мен кесибимди тандаганыма өкүнөм", - деди ал.