Анда айтылгандай, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы комиссия Суталиновго коюлган “төртүнчү стадиядагы рак” диагнозун тастыктады.
Дарыгер корутунду соттолуучуну текшергенден кийин чыкканын белгилеп, ал дайыма медициналык көзөмөлгө муктаж экенин билдирди.
Сот Суталиновдун ишин карап жаткан учурда шаардык соттун имаратынын жанында анын тарапташтары топтолушкан. Эркиндикке чыккан мурдагы төрага элге ыраазычылыгын билдирип, кечирим сурады:
“Жубайым көп адамдар мени колдогонун айтты. Баарына ыраазычылык билдирем жана дагы бир жолу 2010-жылы трагедиянын алдын ала албаганым үчүн кечирим сурайм. Бул үчүн моралдык жоопкерчилигим бар. Мени кечиргендериңиздерге рахмат”, - деди ал.