Бекболот Талгарбековдун уулу Арстандын маалыматына караганда, саясатчы Ленин райондук сотуна ар-намысын коргоо үчүн экс-президент Атамбаевдин үстүнөн арыз жазып кайрылган. Бирок, сот арызды кабыл алган эмес. Жаңы документтерди алып келүүнү талап кылган.
"Мөөнөтүнөн мурда бошотулган саясий туткундардын эч кимиси Бекболот Талгарбековдун доо арызына кошулушкан жок", - деп билдирди Арстан Талгарбеков.
Эске салсак, Талгарбеков Атамбаевди 17 миллион сомго доого жыгууну ниеттенген. Ошондой эле жалган жалаа жапканы үчүн расмий кечирим суратууну да каалаган.