Бишкекте шаардык соттун алдында УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновдун тарапташтары чогулушту. 

 

Эске салсак, Суталинов Жогорку соттун өкүмү менен 25 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Ага 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуя үчүн кылмыш иши козголгон. 

 

Чогулгандар "Генерал Мурат Суталиновго эркиндик!" деген чакырык жазылган плакаттарды көтөрүшкөн. 

 

Мурдагы төраганын абакта отурганда ден соолугу начарлап, бөйрөктүн терминалдык стадиядагы рагы менен жабыркаары аныкталган. Мындан улам анын тарапташтары эркиндикке чыгарууну талап кылышууда.