Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин лейкоз дартына чалдыкканын тастыктаган анализдери бир канча жыл өткөндөн кийин күмөн жаратууда. Дал ушул иш боюнча камакка алынган онколог-дарыгер Эмил Макимбетовдун адвокаты Анара Кыштообаева маалымат жыйынында анализ башка адамга таандык болушу мүмкүндүгүн айтты.
"Анализди мыйзамдагы уурунун эжесинин машинесинде жеткиришкен. Кылмыш ишинде соттолуучунун жүлүнүнөн анализ алынганын тастыктаган протокол тиркелген эмес. Макимбетовду санавиация, Саламаттыкты сактоо министрлигинин линиясы боюнча да эч ким эч кайда чакырган эмес. Ал жөн гана анализди көрүп, болжолдуу түрдө лейкоз деген диагноз койгон. Анализ алганы барган жана аны жада калса ага мөөр койбогон дарыгер эркиндикте жүрөт. Укук коргоо кызматтары кайда караган? Эмнеге соттолуучу Батукаевдин жүлүнүнөн анализ алынгандын үлгүсүн протоколго киргизишкен эмес? Чын эле Батукаевден анализ алынганбы, ал да белгисиз", - деди адвокат.
Айтымында, комиссиянын корутундусунда Батукаевдин далысында анализден калган так болгон эмес.