Соцтармактарда жакында маалыматтык технология жана байланыш Мамлекеттик комитетинин жетекчиси Бакыт Шаршембиев пара алып жатканда экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматы тарабынан кармалганы тууралуу маалыматтар пайда болгон.
Бирок, Финпол мындай маалыматтарды четке какты.
“Социалдык тармактардагы мындай калп маалыматтардан улам коомчулукка чындыкты жеткирүүнү туура көрдүк. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт. Маалыматтык технология жана байланыш Мамлекеттик комитетинин жетекчисине карата эч кандай операция болгон эмес жана мындай карандай калп маалыматтардын тараганына биз да таң калуудабыз”, - дейт Финпол.
Ошондой эле мекеме журналисттерди жана жарандарды провокациялык маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.