Экс-президент А. Атамбаевдин «Мен элитаны жашартам» деген аракетинин арты менен үлкөн кызматтарды аркалаган, вице-премьер-министрликке чейин жеткен Дүйшөнбек Зилалиев 158 миллион сомдук кыймылсыз мүлктөргө ээлик кыла турганын маалымат булактарынын бири жазып чыкты. Муну УКМКнын маалымат кызматы да тастыктаганын кошо жазды. Булар анын ээлик кылган кыймылсыз мүлктөрү эле.
Андан сырткары анын үйүнөн 3 миллионго жакын сом, 100 миң АКШ доллары, банктагы ячейкадан 890 миң АКШ доллары табылганын билебиз.
Ошондо ушунча мүлккө Зилалиев мамлекеттик кызматтарды аркалап жүрүп кантип жетишкен болот? Чиновниктердин алган айлыгы дурус болгону менен анысы күнүмдүк тамак-аш, чыгымдарынан артпай турганы белгилүү да. 158 миллион сомго борбор калаабыздан канча батир алса боло турганын эсептей бериңиз. Бир бөлмөлүү батирдин баасы орточо – 2 миллион сом. Ошондо 158 миллионго 79 батир келет. Ушунча мүлктү таза жол менен тапкам деп Зилалиев кантип айта алат? Оозу-мурду кыйшайып калат го, анда.
Булак: Чалкан