Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жашаган үй-бүлөдө эки спортчу өсүп келатат. Алар эл аралык таймаштарга катышууга жолдомо алышты.
Балдардын энеси Назира Сабитакунованын айтымында, улуу уулу Акылбек Талантбеков 19 жашта, кызы Сезим Талантбекова 16 жашта, ал эми Бердибек Боогачиев 14 жашта. Үчөө тең эркин жана грек-рим эркин күрөшүнө катышышат. 3-апрелде өткөн таймашта Акылбек 77 кг салмактагы категорияда 1-орунду жеңип алды. Мындан улам Таиландда өтө турган Азим чемпионаттыгына жолдомого ээ болду.
Буга чейин да Акылбек Кыргызстан чемпионаттыгын үч жолу жеңип алган жана дүйнөлүк чемпионаттын жана Азим чемпионаттыгынын призеру болгон. Учурда ал Ш. Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв республикалык окуу жайынын биринчи курсунда окуйт.
Сезим Талантбекова Кыргызстандын аялдар арасындагы күрөш боюнча биринчилигине катышкан. 65 кг салмактагы категорияда жеңүүчү болуп Азия биринчилигине катышмай болду. Бул таймаш Нур-Султан шаарында өтөт. Сезим республикалык олимпиадалык-резерв мектебинде 9-класста окуйт.