Германиянын табиятты коргоо союзунун (NABU) филиалы Кыргыз жергесинде 2013-жылдан бери иш жүргүзүп келе жатат. Бул убакыттын ичинде кызыл китепке кирген жаныбарларды коргоо, экологияны сактоо жаатында бир топ сөзгө аларлык иш-чараларды өткөрүп келди.
NABU коомдук уюмунун максаты табият менен элдин байланышын бекемдөө. Кызыл китепке кирген, сейрек жаныбарларды көбөйтүп, коргоого алуу башкы максаттардын бири болуп саналат.
Ушу тапта эл аралап, региондорду кыдырып, “Табиятты коргоо - биздин милдет” деген ураан менен элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эң негизгиси Ак илбирсти атпоого, аны сактоого үндөп келет. Экологияга жакын болуу - балалык баёо сезимден башталат эмеспи. Ошондуктан жаратылышка, жаныбарларга жакын болуу, аларга аяр мамиле кылууну бала бакчаларда, мектептерде, универститет-институттурда ар кандай көргөзмөлөрдү уюштуруу, лекция окуу аркылуу жеткизүү вазийпасын аркалашууда.
Мына кечээ жакында эле, тагыраагы, 14-апрелде Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик искусство музейинде “Ак илбирс күнү” белгиленди. Анын жүрүшүндө балдар арасында ар кандай кызыктуу оюн-зооктор уюштурулуп, жапайы жаныбарлардын сүрөт көргөзмөсү жана спектакльдер коюлду. Студенттер арасындагы дебаттар уюштурулуп, анда аймактагы экологиялык абал талкууга алынды. Коомдук уюмдун өкүлдөрү мындай иш-чаралар мындан ары дагы улантыла берерин билдиришти. Анда не дейбиз, алга, NABU!
Булак: “Майдан. kg” гезити