Октябрь райондук ИИБинин кызматкерлери жасалма салык кызматкерин кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Октябрь райондук ИИБине 28-апрелде С.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал укук коргоо кызматкерлеринен Айбек аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Айтымында, Айбек аттуу жигит 8-кичирайондогу азык-түлүк саткан дүкөнүнө келип, салык кызматкеринин күбөлүгүн көрсөтүп, бир жылга патент алып берем деп 11,5 миң сом алып, ошону менен дайынсыз кеткен.
Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реесине катталды. “Көз боемочулук” беренеси боюнча сотко чейинки тергөө башталды.
Ыкчам-иликтөөлөрдүн натыйжасында 1996-жылы туулган А.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.